Finik'ти онлайн-ККМ менен туташтырыңыз

Төлөм кабыл алып, чектерди бир жерде фискалдаштырыңыз — өзүнчө касса жана кошумча интеграциясыз

Онлайн жана офлайн төлөмдөрдүн автоматтык фискалдаштырылышы

Чекти кол менен басуунун кереги жок

Бардык маалымат дароо салыкка жөнөтүлөт

Төлөм кабыл алуу жана ККМ бир сервисте

Автоматташтыруу аркылуу адамдык фактор азаят

POS-терминал сатып алуунун кереги жок

Телефондон же компьютерден башкарыңыз

ККМ'ди бир нече чыкылдатуу менен күйгүзүп-өчүрүңүз

Финик жөнүндө

Finik — бул бизнес үчүн төлөм системасы: бир эле кабинеттен төлөм кабыл алып, онлайн-ККМ туташтыра аласыз. Өзүнчө сервистерсиз, интеграцияларсыз жана кошумча келишимдерсиз.

ККМ менен төлөм кабыл алуу канча турат?

Онлайн-ККМ — айына 600 сом
Туташуу акысыз.

Төлөм кабыл алуу менен ККМ өз-өзүнчө эсептелет.
Жашыруун төлөмдөр жок: төлөм кабыл алуу, чектерди фискалдаштыруу жана жеке кабинет — баары бир сервисте.
Онлайн-ККМ Finik төлөм кабыл алуусу туташтырылганда гана жеткиликтүү.

ККМ кантип туташтырылат

1
Эсеп ачуу
1. Эгер сиз ИП болсоңуз, Finik'те эсепти өз алдынча нускама боюнча ачыңыз.
2. Эгер юрлицо болсоңуз, кийинки кадамга өтүңүз.
AppBackground
2
ККМ туташтыруу үчүн өтүнмө жөнөтүңүз
Өтүнмөдөн кийин биз сиз менен байланышып, туташтырууну бүтүрөбүз.
3
Finik тиркемесинде ККМ'ди активдештириңиз
Finik

Finik'ти онлайн-ККМ менен туташтырып, мыйзамга ылайык төлөм кабыл алууну баштаңыз

Көп берилген суроолор

Чекти кол менен басуу керекпи?

Жок, эгер сиз төлөмдү Finik аркылуу кабыл алсаңыз, чек автоматтык түрдө фискалдаштырылат жана маалыматтар дароо КР МСК (ГНС КР) өткөрүлүп берилет.

Finik аркылуу төлөм кабыл албай эле ККМди гана туташтырууга болобу?

Жок, Finik'теги онлайн-ККМ төлөм кабыл алуу кызматы туташтырылганда гана иштейт.

Физикалык касса же POS-терминал керекпи?

Жок, өзүнчө физикалык касса жана POS-терминалдын кереги жок: чектер онлайн түзүлүп, жеке кабинетте жана Finik тиркемесинде көрсөтүлөт.

Finik'тин онлайн-ККМ'и ЖК (ИП) үчүн ылайыктуубу?

Ооба, онлайн-ККМ ЖК үчүн ылайыктуу жана бир сервисте төлөм кабыл алууга жана чектерди фискалдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Туташтыруу канча убакытты алат?

Эгер сизге техникалык интеграциянын кереги жок болсо, келишимге кол койгондон кийин дароо төлөмдү кабыл ала баштасаңыз болот. Эгер Finik'ти өз сайтыңызга же тиркемеңизге туташтыруу керек болсо, анда Finik'ти даяр SDK-модулу аркылуу туташтырсаңыз болот.

QR жана онлайн-төлөмдөр фискалдаштырылабы?

Ооба, Finik аркылуу өткөн төлөмдөр, анын ичинде QR жана онлайн төлөмдөр автоматтык түрдө фискалдаштырылат.

Чечим КР МСК (ГНС КР) талаптарына жооп береби?

Ооба, Finik'теги онлайн-ККМ КР МСК талаптарына жооп берет, ал эми төлөмдөр боюнча маалыматтар белгиленген тартипте өткөрүлүп берилет.

Эгер мен Finik'тин кардары болсом, ККМди туташтыра аламбы?

Ооба, эгер сиз Finik'ти колдонуп жатсаңыз, онлайн-ККМди туташтырууга өзүнчө билдирме калтырсаңыз болот.

Visa-карталарынан төлөмдөргө ККМди туташтырууга болобу?

Ооба, Visa-карталарынан төлөмдөр дагы фискалдаштырылат.