Программисттер үчүн
Биз адамдар менен жана адамдар үчүн иштейбиз. Биз жөнөкөйлүктү, ыңгайлуулукту жана коопсуздукту интеграциялайбыз!
Finik веб-сайттарга, мобилдик колдонмолорго жана башка системаларга төлөм чечимдерин интеграциялоо үчүн толук инструменттер топтомун сунуштайт. Интеграция мүмкүн болушунча тез жана ишенимдүү болушу үчүн биз колдонууга даяр SDK жана кеңири техникалык документацияны сунуштайбыз.
Төлөм модулдарыбыздын мүмкүнчүлүктөрү
- 1. Толук функциялуу төлөм баракчасы
- 2. Кыргызстандагы каалаган каржылык колдонмо аркылуу төлөө
- 3. Visa карталары менен төлөмдөрдү кабыл алуу
- 4. Даяр төлөм баскычтары аркылуу 3 баскычта тез төлөө
- 5. Жалпы төлөм QR кодун колдоо
- 6. Ар бир төлөмдү идентификациялоо үчүн ийкемдүү жөндөөлөр
- 7. Төлөм абалы жөнүндө авто кабарлоо (вебхук) сиздин параметрлер менен
- 8. Төлөөдөн кийин көрсөтүлгөн баракчага багыттоо
- 9. Жана дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр
Төлөм модулдарына (SDK) шилтемелер
🚀 Интеграцияны кантип баштоо керек
- 1.Эгер сиз юридикалык жак болсоңуз: туташуу үчүн арыз жөнөтүңүз
- 2.Эгер сиз ЖИ болсоңуз: тиркемени жүктөп алыңыз жана онлайн эсеп ачыңыз: кадам сайын нускаманы бул жерден табасыз
- 3.Интеграцияны баштоо үчүн бизге өзүңүздүн ачык ачкычтарыңызды жөнөтүңүз (Эгер сизде мобилдик тиркеме болсо - бул кадамды өткөрүп жиберсеңиз болот)
- 4.Жеке кабинетте API-ачкычтарын түзүңүз:
- 4.1.Жеке кабинетке кириңиз (оң жактагы жогорку баскыч)
- 4.2.Сол жактагы менюдан «Ачкычтар» бөлүмүн ачыңыз
- 4.3.«Ачкыч түзүү» баскычын басыңыз
- 4.4.Маалыматтарды толтуруңуз (Эгер сиз Finik к олдонсоңуз, Quickpay талааларын тийбестен коюуга болот) жана "Түзүү" баскычын басыңыз
- 4.5."Чыпка" баскычын басып, API-ачкыч түзгөн эсебиңизди тандаңыз
- 4.6.Даяр ✅ "Ачкычтар" бөлүмүндө бардык ачкычтарыңызды көрө аласыз
- 5.Техникалык интеграцияны ишке ашырыңыз